АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп президенттик администрацияга кадрларды тандоо менен алектенип жаткан штабында талаш-тартыштар болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды четке какты.

Ал «Твиттерге» командасы келечектеги министрлер кабинети менен Акүйдүн аппаратынын курамын түзүүдө уюшкандык менен иштеп жатканын жазды.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Трамптын командасы администрациядагы башкы кызмат адамдарын бекитүү боюнча орток пикирге келе албай жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр пайда болгон. Анда акыркы күндөрү Трамп мамлекеттик катчы кызматына башкы талапкер аталып жаткан Нью-Йорктун мурдагы мэри Рудольф Жулиандан шектенип жатканын, эми анын ордуна Түштүк Каролинанын губернатору Никки Хейлини дайындоо сунушталганы айтылган. Шайлоонун алгачкы баскычтарында Хейли Трамптын атаандашы, Флоридадан сенатор Марко Рубиону колдоп чыккан болчу.

New York Times Трамп сырткы саясий мекеменин адистери менен бир дагы жолу кеңешпестен, дээрлик отуз өлкөнүн жетекчилери менен сүйлөшкөнүн жазды.

Жаңы шайланган президенттин айланасындагылар талаш-тартыштар тууралуу ушактарды администрациядан кетирилгендер же шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор таратып жатканын айтышууда.

Өкүлдөр палатасынын чалгындоо мекемелердин иштери боюнча комитет төрагасы Дэвин Нунес аппараттын курамын түзүү адаттагыдан да шар жүрүп жатканын белгиледи.