Кыргызстандын улуттук кино сыйлыгы болгон “Ак илбирс” сыйлыгы барган сайын өзүнүн баасын, баркын жогорулатып жатат.
Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз бүгүн “Парламент” радиосунун түз эфиринде айтты.
“Аталган “Ак илбирс” кино сыйлыгы кабыл алынган чечимге ылайык, Орто Азиядагы мыктынын-мыктысы деп таанылган киноактерлор менен киноактрисаларга да ыйгарылат. Башта Орто Азия дегенде географиялык тар чөйрөнү түшүнсөк, азыр жогорудагы киносыйлыкка умтулган талапкерлердин катары кыйла кеңейүүдө. Алар Россиядан, Ирандан, Афганистан менен Монголиядан кала берсе Кытайдан дагы таланты менен таанылгысы келген кинотармагынын өкүлдөрү “Ак илбирс” сыйлыгын алууга өтө кызыгдар. Былтыр, “Биринчи мугалим” тасмасында образ жараткан Наталья Аринбасарова аттуу актриса эжеке “Ак илбирс” сыйлыгына ээ болгон. Анын ошондогу кубанычына күбө болуп, сыйлыктын даражасынын бийиктигине ынандым”,- дейт Садык Шер-Нияз.
Ошондой эле депутат ар бир тартылып жатканын кинонун артында мисалы “Курманжан датка” фильминин жаратуу боюнча демилге менен чыккан ЖК V чакырылышынын депутаты, «Курманжан датка» фондусунун төрайымы Жылдызкан Жолдошева сыяктуу мыкты “саяпкер” турганда гана мыкты кино тартыла турганын кошумчалады.