16-ноябрда саат эртең менен Дэн Сяопин көчөсүндө белгисиз айдоочу унаасы менен аялды сүзүп, качып кеткен.

Ал алган жараатынан улам ошол жерден каза болгон.

Бишкек ШИИБ маалымалагандай, айдоочу изделип, кечээ кармалды. Ал 25 жаштагы Н.А. экени белгилүү болду. Туугандары өздөрү милицияга алып келишип, катуу коркконунан качып кеткенин айтышкан.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.