Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алды.

Өкмөт башчы Кыргызстанда айыл чарба тармагы экономиканын алдыңкы тармагы болуп саналарын, буга байланыштуу министрликтин алдында бир катар тапшырмалар турганын, анын ичинде, Евразия экономикалык биримдигине кошулуу алкагында башталган фитосанитардык жаңы лабораторияларды куруу жана жүргүзүлүп жаткан иштерди улантуу милдети турганын билдирди.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Өкмөт башчысына министрликтин алдындагы негизги багыттар жана жакынкы келечекке карата пландары тууралуу маалымат берди.

Премьер-министр белгилегендей, учурда негизги басым жаңы айдоо аянттарын өздөштүрүү жана аларды сугат суу менен камсыз кылууга жасалууда. Муну эске алуу менен, министрлик ирригациялык бирикмелерди жана каналдарды жакшыртуу боюнча Программаны иштеп чыгышы керек.

Мындан сырткары Экономика министрлиги менен биргеликте экспортко чыга турган өндүрүшчүлөрдү колдоо жана алардын ишин алдыга жылдырууда тийиштүү иш чараларды жүргүзүү зарылдыгын билдирди.

«Белгилүү болгондой, 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын негизинде Өкмөттүн «Ишеним жана Биримдик» программасы бекитилген. Эми ведомство жетекчилиги айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн керектүү багыттардын жалпысын эске алган тиешелүү программаны иштеп чыгуусу керек», – деп тапшырды өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.