Сирия өкмөтү оппозиция ээлигиндеги Алеппонун чыгыш аймактарына автономия берүү тууралуу Улуттар Уюмунун демилгесин четке какты.

20-ноябрдагы Дамаск сапарында БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стефан де Мистура ушундай сунушту ачыкка чыгарган.

Сирия өкмөтүнүн тышкы иштер министри Валид Муаллем автономия “суверенитетибизди бузуу болуп саналат” деп терс жооп кайтарды.

Министр Муаллем Сирия өкмөтү Алеппонун чыгышына чабуулун токтотору, же басаңдатары тууралуу кеп козгогон жок.

Бул учурда эки тараптын айыгышкан кармашынан ондогон адамдар мерт болууда. Жекшембиге оогон түнү Алеппонун чыгышында болжолу хлор бомбасынан алты кишиден турган үй-бүлө кырылды. Анын төртөө балдар.

Жекшембиде куралдуу оппозиция Алеппонун батышындагы мектепти ракетадан аткылаган. Андан 12 окуучу мерт болгон. Дагы алтымыштайы жаракат алганын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.