Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттик (WADA) Орусияны өлкөдө мамлекет колдогон допинг программасынын бар болгонун моюнга алууга чакырууда.

Мындай билдирүүсүн WADA спорт дүйнөсүнүн Орусияга болгон ишенимин кайтаруу аракети менен түшүндүрүүдө.

WADA Орусия спортчуларынын допинг колдонушу мамлекет тарабынан колдоого алынып келгендиги боюнча көз карандысыз баяндаманын экинчи бөлүгү 9-декабрда жарыяланышы керектигин билдирди.

«Алар [Орусия] жок дегенде бир аз болсо да өкүнүп коюшса жакшы болмок», — деди WADA президенти Крейг Риди.

Орусиянын көз карандысыз антидопинг комиссиясынын жаңы башчысы Виталий Смирнов жекшембиде өлкөсүндө кызытма колдонууну мамлекет эч качан колдобогонун жана колдошу да мүмкүн эмес экенин билдирген.

2014-жылы Сочиде өткөн кышкы Олимпиада оюндарында орус спортчулары мамлекеттин колдоосу менен допинг колдонгондугунун далилдери келтирилгенден кийин WADA орусиялыктардын Рио-де-Жанейродогу оюндарга катышуусуна тыюу салган.