Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Кармовдун кызы Гүлнара Каримова уулантылып өлтүрүлгөн деген маалыматтар айтылууда.

Бул тууралуу «Сentre-1» басылмасы бүгүн жазып чыкты.

Алар улуттук коопсуздук кызматындагы анонимдүү булагына таянып жазган.

Маалымат боюнча, Гүлнара Каримова уулантылып, 5-ноябрда каза болгон.

Ошол эле учурда орусиялык «Интерфакс» жана «РИА Новости» басылмалары анын өлүмүн четке кагып жатат.