Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн саламаттык сактоо министрлигине караштуу улуттук госпиталдагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Улуттук госпиталдын жетекчилиги маалымдагандай, улуттук госпиталь жана жалданма тараптар менен курулуш-оңдоо иштерин жүргүзүү тууралуу келишимге 2015-жылдын 28-августунда кол коюлган, ага ылайык оңдоо иштери 2015-жылдын 30-ноябрында бүткөрүлүшү тийиш болгон. Жалданма тараптын жоопкерсиздигине байланыштуу иштер токтотулган. Буга байланыштуу улуттук госпиталдын бөлүмдөрүндө бейтаптар көп болгондуктан, ыңгайсыздыктар жаралууда.

Жээнбеков оңдоо иштерин тез арада бүткөрүү керектигин билдирди.  Жалданма иштегендер келишимдин шарты боюнча башталган ишти аягына чыгарышы керек. Аны менен катар, Өкмөт башчы ондоо иштерин үзгүлтүккө учураткандар мыйзам чегинде жоопкерчилик алышы керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле премьер-министрге бүгүнкү күндө экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан, түзүлгөн келишимдин шартын аткарбаган жалданма топтун ишмердүүлүгү текшерилип жатканы маалымдалды.

Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга түзүлгөн абалды иликтеп чыгып, дарыланып жаткан бейтаптарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы улуттук госпиталдын курулуш-оңдоо иштерин кыска убакыт аралыгында бүткөрүүнү тапшырды.