23-ноябрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунда, Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Кара-Көө ашуусунда, Каракол-Эңилчек жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.
ӨКМ билдиргендей, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.