Украинанын Тышкы иштер министрлиги шейшембиде Москванын борборунда жайгашкан Украинанын Улуттук маданий борборунун имаратынын алдында украин желегинин өрттөлүшүнө байланыштуу Орусияга карата нааразылык билдирди.

Бул тууралуу «Интерфакс» билдирүүдө.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн окуяны чагымчылдык деп аташып, Москваны аны иликтөөгө чакырышты.

22-ноябрда каттоодон өтпөгөн «Башка Орусия» улутчул кыймылынын мүчөлөрү Украинанын Улуттук маданий борборунун кире беришин тосуп, украин желегин өрттөшкөн. Полиция окуяга кийлигишкен эмес жана акциянын катышуучуларын кармаган эмес.