Быйыл Нарын облусунда, айрыкча Кочкор районунда картошканын түшүмү мыкты болду.
Дыйкандардын айтымында, былтыркыга салыштырмалуу эки эсе түшүм алынды. Бирок, картошканын баасы 10 сомдон жогорулабай, аны сактап турууга аргасыз. Ал эми Айыл чарба министрлиги тарабынан дыйкандарга жардам берүү жаатында эч кандай аракет жасалган жок. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев Жогрку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
«Айыл чарба министрлиги дыйкандарга кандай жашылчаны айдоо керектигин, өнүмдөрдү кантип сактоо керектигин айтып турушу керек болчу. Тилекке каршы, андай болгон жок. Андан тышкары, дыйкандар өстүргөн түшүмүн жазга чейин сактоого кызыкдар. Өкмөт Кочкор районунда жашылча сактоочу жайларды куруу маселесин ойлонуп көрүшү зарыл», — дейт эл өкүлү.