Бул тууралуу БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стеффан де Мистура билдирди.

Анын айтымында Сириянын өкмөттүк армиясы Дональд Трамп АКШ президенти кызматына киришкенге чейин Алеппонун чыгыш бөлүгүндөгү көтөрүлүшчүлөрдүн позицияларына жаңы чабуулдарын башташы мүмкүн. Кошмо штаттардын жаңы шайланган президентинин инаугурациясы 2017-жылдын 20-январында болот.

Де Мистуранын билдиргендей, Дамаскты мындай кадамдарга Сирия өкмөтүн колдоп жаткан Москва менен мамилелерди жакшыртууга даяр экендиги тууралуу айткан Трамптын билдирүүлөрү түртүшү мүмкүн.

Буга чейин де Мистура эгер аба соккулары улана берсе декабрдын соңуна карата Алеппонун чыгыш бөлүгү толугу менен жок болушу мүмкүндүгүн билдирген. Ал шаарды бомбалоону токтотууга жана Сириянын келечеги тууралуу саясий талкууларды баштоого чакырган.

Алеппо өкмөттүк күчтөр менен оппозиция отряддары ээлеп турган бөлүктөргө бөлүнгөн. Сирия президентинин армиясы орусиялык авиациянын жардамы менен көтөрүлүшчүлөрдүн көзөмөлүндөгү райондорго аба соккуларын жасап жатат. Батыш өлкөлөрү жарандык объектилердин бомбаланып жатканын билдирип, Орусияны бир канча жолу айыптагандан кийин Москва аба соккулары токтогонун айтып, бир нече жолу гуманитардык тыныгуу жарыялаган.