Түркиянын түштүгүндөгү Адана шаардык администрациянын имаратынын жанындагы автоунаанын жарылуусунан кеминде эки киши набыт болуп, дагы 16сы түрдүү жаракаттарды алышты.

Бийлик жарылуу бейшембинин таңында болгонун билдирүүдө.

Адананын губернатору Махмут Демирташ мамлекеттик Anadolu агенттигине жарылуу аял тарабынан жасалган террористтик чабуулдун жыйынтыгы болушу мүмкүн экенин билдирди. Демирташ жарылуу губернатордун администрациясынын имаратынын кире беришинен алыс эмес жерде орун алганын айтты.

ЕБ иштери боюнча министр Омер Челик жарылууну «теракт» деп атады. «Бул каргыш тийгир террор биздин адамдарга каршы багытталган. Биз адамзаттын урматына терроризмге каршы күрөштү улантабыз», — деп жазды Челик Tвиттерге.

Аданадагы жарылуу акыркы жылы Түркияны кучагына алган зомбулук толкунунун фонунда болууда. Буга чейинки кол салуулар күрт согушкерлери же «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун мүчөлөрүнө байланыштырылып келген.