Анын жүрөк оорусу кармап жатканын анын жактоочусу билдирген.

Сарыгулов март айында бийликти басып алууну сүйлөшүүгө катышты деп айыпталып, УКМКда суракка алынган.

Биринчи Май райондук соту аны үй камагында кармоо өкүмүн чыгарган.

Бирок июнунда кайрадан «Кыргыз алтын» ишканасын жетектеп турганда коррупциялык аракеттерге барган деп шектелип УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган.

Жактоочусу бир нече ирет анын ооруп жатканын айтып кайрылса дагы УКМК үй камагына чыгарбай келген.