Багдаддан 120 чакырым алыс жайгашкан чөлкөмдө май куюучу жайдагы жардыруудан 100дөй киши каза болду.

Теракт үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» тобу өзүнө алды.

Маалыматтарга караганда, жанкечти машинасын май куюучу станция менен адатта Кербала шаарынан кайтып келаткан ирандык зыяратчылар тамактанган ресторандын жанында жардырган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал уюму өзүнө алды.

Акыркы айларда Багдадда ушуга окшош бир катар терактар болду. Быйыл июлда ири жардыруу катталып, анын кесепетинен 300дөй адам курман болуп, 100дөйү жаракат алган.