Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев «Орусия 24» телеканалына курган маегинде Астананын аталышын өзгөртүүгө каршы экенин билдирди.

«Бул – бренд. Анын аталышын өзгөртүүнүн кажети жок. Астанада 21-кылымда биринчи жолу ЕККУнун саммити өтүп, шаар Азия кышкы оюндарын кабыл алган. Эми ЭКСПО-2017, дүйнөлүк салттуу диндердин съезддери өткөнү турат. Анын бардыгы Казакстан менен байланыштуу, бирок бардыгында «Астана» деген аталыш айтылып жүрөт. Аны өзгөртүүгө кандай зарылчылык бар?», — деди Назарбаев.

Өткөн аптада депутаттар президент Нурсултан Назарбаевдин ысымын баш калаанын аталышы жана башка маанилүү объектилерде чагылдырууну сунуш кылышкан. Айрымдары Астананы Назарбаев же Елбасы деп өзгөртүү демилгесин көтөрүшкөн. Парламентарийлер ошондой эле Астанада “Тауелсиз Казакстан” деген монумент куруп, Назарбаевдин “мамлекетти куруудагы эбегейсиз салымын” Конституцияда белгилөөнү туура көрүшөт.