Өзбекстандагы президенттик шайлоону чагылдыруу үчүн 1306 жергиликтүү жана чет өлкөлүк ММК каттоодон өттү.

Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет.

Шайлоо жараянында ачык-айкындуулукту жана расмий маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында шайлоо комиссияларынын республикалык жана округдук борборлору иштеп жатат.

Буга чейин алар шайлоо кампаниясынын маанилүү этаптарына багытталган 100дөй маалымат жыйынын өткөрүштү. Саясий өнөктүк башталгандан бери жергиликтүү жана чет өлкөлүк ММКларда президенттик жарыш туурасында 15845 материал жарыяланды.

Мындан тышкары бирдиктүү компьютердик түйүн түзүлдү. Бул шайлоо күнү добуш берүү жараянына онлайн режиминде байкоо салууга жардам берет, аймактар менен видеобайланышка чыгууга мүмкүнчүлүк ачат. Борбордук шайлоо комиссиясы коомчулук үчүн добуш берүүнүн жүрүшү боюнча онлайн-брифингдерди өткөрүп турат.