Орусия өлкө башчысы менен АКШнын президенти Сирия жана Украина боюнча кырдаалды талкуулашты.
Бул боюнча Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу сырттан кайсы гана өлкөлөрдүн лидерлери болобосун алардын сүйлөшүүсү маанисиз экенин айтты.
«Алар балким өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн өз ара талкуулашты. Бирок акыркы чечим бизде» — деди Түркиянын премьер-министири.
Сүйлөшүүдө Путин террорчу топтор Түркия чек арасынан Сирияга кирип жаткандыгын белгилеген. Түркия менен Сириянын чек арасын жабуу боюнча зарылчылык жаратыш керек экендигин кошумчалаган.
Ал эми Ахмет Давутоглу Түркия качкындар жана жабырлануучулар үчүн чек араны ачык кармайт. Ал үчүн дүйнө Түркиядан эсеп-кысап сурабай, тескерисинче ыраазычылык билдириш экенин деп кошумчалаганын ТАСС маалымат агенттиги жазып чыккан.
Ошондой эле эки лидер Сириядагы кырдаалга токтолуп, оппозициянын террорчу Ислам мамлекети жана Аль-Нусра экстремисттик топторунан ажыратыш керек экендигин белгилешкен.
Орусия жана АКШ Сирия боюнча атайын кызматтары жана коргонуу органдары боюнча көзөмөлдү күчөтүү тууралуу макулдашты.
Ок атышууну токтотуу келишимин бузгандыгы үчүн ыкчам жооп көрсөтүү жана аларга чара көрүүлүчү чечимдер кабыл алынаарын белгилегенин Hürriyet маалымат каражаты жазып чыкты.
Путин менен Обама Сириядан тышкары Укрина маселеси тууралуу да пикир алмашкан. Анда жаңы өкмөт менен бирдикте Киев жана Минск келишимдерин толугу менен ишке ашыруу жөнүндө сүйлөшкөн. Ошондой эле Обама Путинге Донбасстагы келишимди бузгандарга чара көрүүгө чакырган.