30-ноябрдан 3-декабрга чейин күтүлүп жаткан абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ билдиргендей, натыйжада ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн, муз абалынын татаалдашы күтүлөт.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 28-ноябрда ӨКМдин телефонограммасы чыгып, тийиштүү жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүү жөнөтүлгөн.