Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев камактагылар үчүн мунапыс жарыялоону сунуштады.
«Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү» мыйзам долбоору парламент мажилисине жөнөтүлдү. Бул тууралуу «Казинформ» маалымат агенттиги билдирүүдө.
Документке ылайык, өспүрүм кезинде кылмыш кылгандар, кош бойлуу аялдар, эрезеге жете эле балдары бар аялдар, 60 жаштан ашкан эркектер, майыптар, ошондой эле анча оор эмес кылмыш жасагандар абактан бошотулат. Калган категориядагы камактагыларга карата мунапыс кылмышынын оордугуна жараша «келтирилген чыгымдын орду толтурулгандан кийин» чектелген санда гана колдонулат. Азырынча канча адам мунапыс менен бошотулары белгисиз, бирок алардын саны миңдеп саналары айтылууда.
Казакстанда буга чейинки эки мунапыс тең өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата жарыяланган. Казакстанда Эгемендүүлүк күнү 16-декабрда белгиленет.