2017-жылы «Таза суу» долбоорун ишке ашырууга республикалык бюджеттен 200 млн сом каралган.

Бул туурасында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн ЖКнын жыйынында билдирди.

«2016-жылы айылдарды таза суу менен камсыздоого байланыштуу иштерди каржылоого республикалык бюджеттен болжол менен 100 млн сом бөлүнгөн. 2017-жылга карата республикалык бюджетте  бул сумма эки эсеге жогорулатылып, 200 млн сомду түзгөн», – деди Жээнбеков.