2017-жылдын республикалык бюджетинин долбоору социалдык багыттагы бюджет боло турганы парламенттик жыйында белгилүү болду.
Өкмөттүн маалыматына караганда, 2017-жылдын республикалык бюджетинин жалпы кирешеси 126 828,6 млн сом өлчөмүндө каралууда, бул 2016-жылга бекитилген бюджеттен 2 428,9 млн сомго көптүк кылат.
Ал эми 2018-2019-жылдаргы мезгилге карата республикалык бюджеттин кирешелери 129 769,1 млн сомду жана 138 188,3 млн сомду түзөт. Бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 2017-жылга 150 150,5 млн сом өлчөмүндө каралууда. Бул 2016-жылдын бекитилген бюджетинен 3 297,1 млн сомго көп.
Ал эми 2017-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 23 321,9 млн сомду түзө турганы белгилүү болду. Бул ички дүӊ өнүмгө карата 4,7 пайызды түзөт. Бюджет тартыштыгын жабууга 23 321,9 млн сом көлөмүндө каржылоо булагы каралган.