2017-жылы Кыргызстанда электрондук форматтагы мамлекеттик менчиктин бирдиктүү тизмеси түзүлөт.
«Бүгүнкү күндө колдогу мамлекеттик менчиктин санын тактоо боюнча иш жүрүүдө. Мүлктү инвентаризациялоо административдик имараттар, турак-жай жана турак-жайга тийиштүү эмес имараттар, жер тилкелери, бүткөрүлбөгөн объектилер, транспорт жана техника тармактары боюнча жүргүзүлүүдө. Учурда болжол менен 1 150 ишкана жана мамлекеттик менчик объектилери эсепке алынган. Реестр жыйынтыкталып бүткөн соң, өлкөнүн ар-бир жараны мамлекеттин кандай менчикке ээ экендиги тууралуу маалыматты ала алат», — деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.