Өзбекстан Москва жетектеген Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүнү пландаган жок.

Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы экономикалык мамилелер министринин орун басары Шавкат Толаганов 29-ноябрда маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Чиновниктин айтымында, өзбек эксперттери аталган уюмга мүчө болуу Өзбекстанга эч кандай артыкчылыктарды алып келбейт деген бүтүмгө келишкен. Айрым учурларда ал гана эмес зыян келтирет деп эсептешет.

Толаганов 4-декабрда президенттик шайлоого катыша турган талапкерлер тышкы саясатты Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун көрсөтмөсүнө жараша жүрүгүзүшөрүн айтышканын кошумчалады.

Орусия президенти Владимир Путин ЕАЭБди Москванын таасирин мурдагы советтик өлкөлөрдүн аймагында бекемдөө жана уюмду ЕБ менен НАТОго каршы коюу үчүн колдонуу аракетинде.

Евразиялык экономикалык биримдикке Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө.