Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган волейбол боюнча Кыргызстандын кубогунун ачылуу аземи болду.
Ага Ош облустун ыйгарым укутуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош ШИИБнын башчысы Кылычбек Жолдошев, Чокморовдун бир туугандары, фонддун өкүлдөрү, ошондой эле спорт күйөрмандары катышты.
Ош шаарынын биринчи вице-мэри Аскаров таланттуу актёрдун элесине арналган волейбол боюнча турнир жылда уюштурулуп тураарын айтып, катышуучуларга ийгилик каалады.
“Улуу инсан, кино актёр Сүймөнкул Чокморовду эскерип, бүгүн анын талантына таазим кылып олтурабыз. Биз залкарларды унутбай, аларды ар дайым эстеп спорттук иш-чараларды өткөрүп турганыбыз жакшы жышаан. Ош шаарынын мэриясы демилгелүү иштерди колдогонго дайым даяр. Ал эми Республиканын жети дубанынан чогулган баардык оюнчуларга ийгилик каалайм. Чокморовдун элесине арналган волейбол боюнча турнир экинчи ирет өтүп жатат, келечекте жылда уюштурулат деп ишендирип кетем”,- деди Аскаров.
Ал эми Ош шаары жана Ош облусу боюнча волейбол федерациясынын президенти, Ош ШИИБнын башчысы Кылычбек Жолдошев байге фонду 200 миң сом экендигин билдирди. Ошондой эле, биринчи орунга Кыргызстандын кубогу ыйгарылып, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйлана тургандыгын кошумчалады.
Айта кетсек, волейбол боюнча республикалык турнир 30-ноябрдан 4-декабрга чейин “Газпром” жана “Коңурат” спорт комплекстеринде уланат. Жалпысынан өлкө боюнча 8 волейбол клубу катышууда. Волейбол боюнча Кыргызтандын кубогу Ош шаарынын жана Ош облусунун Волейбол Федерациясы, Ош шаарынын мэриясы жана шаардын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулууда.