Салык кызматы финансылык жылдын аяктап баратканына байланыштуу жарандарга үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын ичинде өзүнүн салыктык милдеттенмелерин аткарууга чакырат.

Ошондой эле, белгиленген мөөнөттө салыктарын, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, ошондой эле жер салыктарын төлөбөгөн салык төлөөчүлөрдү ушул жылдын аягына чейин салыктык карыздарын жабуусун талап кылат.

Мындан тышкары, салык кызматы экономикалык ишмердиктер менен алектенген жарандардан, жергиликтүү салык органдары тарабынан рейддик иш-чараларды өткөрүү учурунда административдик айып пул төлөбөө үчүн алдын-ала патенттерди сатып алуусун суранат.

Мамлекеттик салык кызматы эскертет, бардык салык органдарынын бирдиктүү терезелери  салык төлөөчүлөргө өз убагында жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу үчүн саат 09.00дөн 18.00гө чейин тыныгуусуз иштешет.