Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргызстан Кытай менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берет.

Өкмөт башчы КЭР мамкеңешинин премьери Ли Кэцяндын Кыргызстанга жасаган расмий сапары, ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусу тууралуу эскертип, жетишилген макулдашуулар жакынкы аралыкта иш жүзүнө ашырылаарына жана эки тарпатуу мамилелердин жемиштүү улануусуна мүмкүндүк түзөөрүнө ишеним билдирди.

«Кыргызстан Кытай менен айыл чарба тармагында кызматташтыкты активдештирүүгө, мал-чарбачылыкты өнүктүрүү, экологиялык жактан таза атамекендик таза продукцияны Кытайга экспорттоо көлөмүн жогорулатуу жаатында кызматташууга даяр», – деди премьер-министр.

Элчи Сяо Цинхуа белгилегендей, эки өлкө башчыларынын күч-аракетине жараша кыргыз-кытай мамилелери бардык тарапта динамикалуу түрдө өнүгүүдө. Элчи эки өлкө ортосундагы мамилелелерди өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн колдон келген аракетин жумшаарын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорттук коммуникация, айыл чарба, өндүрүштү өнүктүрүү тармактарында кызматташуу келечеги тууралуу пикир алмашты.

Жээнбеков Сяо Цинхуаны Кыргызстандагы КЭР Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгү натыйжасында эки тараптуу мамилелер жаңы деңгээлге чыгаарына жана анын келечекте өнүгүүсү үчүн кошумча дем берерине ишеним билдирди.