Президент Алмазбек Атамбаев  бүгүн маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысына маданиятты өнүктүрүү, Кыргызстан элинин маданий мурасын сактоого жана арттырууга багытталган Тарых жана маданият жылынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралу маалымат берилди.

Атамбаев менен министр Түгөлбай Казаков маданий мекемелердин кызматкерлерине колдоо көрсөтүү, анын ичинде турак-жай менен камсыздоо планын жана өлкөдө искусствону мындан ары өнүктүрүү приоритеттерин талкуулашты.