Бишкектеги бардык мектептер 12-декабрга чейин жабылды.
Бул жабылуу сасык тумоонун күч алып жатканына байланыштуу.
Мындай чечим бүгүн Бишкек мэриясынын координациялык комитетинин жыйынында кабыл алынды.
Буга чейин бир нече мектептер карантинге жабылып жаткан болчу.