Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматтарга караганда, 3-4-декабрь күндөрү сасык тумоонун 16 миң 98 учуру катталган. Былтыр ушул эле күндөрү андай учурлардын саны 10 миң 664тү түзгөн.

Ноябрда шаар мектептериндеги балдардын сабакка катышуусу боюнча жүргүзүлгөн мониторинг 35 мектепте балдардын 20 пайызы окууга барбаганын көрсөттү. Буга байланыштуу шаардык координациялык комитеттин токтому менен шаар мектептериндеги окуу процессин 12-декабрга чейин токтотуу чечими кабыл алынды.

Бала бакчалар менен ымыркайлар үйлөрүндө санитардык эскертүүлөрдүн аткарылышы көзөмөлдөнүүдө.

Дезинфекциялык режимди сактабагандыгы жана коомдук транспортторду чаңдардан тазалабагандыгы үчүн автотранспорттук ишканалардын жетекчилерине 10 айып санкциясы салынды.