Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. 

Сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай алыскы тоолуу райондорундагы инфраструктуралык жана социалдык объектилердин абалы менен таанышты.

Алай районунда Өкмөт башчы Арча-Булак айылындагы жаңы көпүрөнүн, Сары-Могол айылындагы жаңы мектептин ачылышына катышып, Гүлчө дайрасында курулчу дамбанын долбоору менен таанышты.

Чоң-Алай районунда Сооронбай Жээнбеков «Кара-Мык» чек ара заставасына барып, Дароот-Коргон айылындагы оорукананын курулушу менн таанышты. Ошондой эле Өкмөт башчы Кара-Тейит айылындагы Ак-Суу орто мектебинин ачылышына катышты.

8 7 6 5 4 3 2 1