9-декабрда Самат Көчөрбаевдин айтуусунда “Манас” эпосунун CD жана DVD дисктеринин бет ачаар аземи болуп өтөт.
Дисктердин кезектеги чыгарылышы интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) колдоосу менен жарык көрдү.
Бул тасма «Манас» эпосунун гумандуу идеяларын кеңири жайылтуу, анын жаш муундарды руханий тарбиялоодогу жана кыргыз элинин биримдигин бекемдөөдөгү жогорку ролун эске алуу менен Кыргызстандын оозеки жана материалдык эмес маданий мурастарын коргоону, жайылтууну жана изилдөөнү камсыз кылуу иретинде, “Манас” эпосун жана кичи эпосторду кеңири жайылтуу жана пропагандалоо максатында Кыргызпатент тарабынан тартылган.
Жыл сайын дисктер 3000 топтомдо (1 топтомдо 1 СD жана 1 DVD-диск) нускаланат. CD жана DVD дисктеринин жети облустун китепканаларына жана окуу жайларына таратылып берилет.