Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жалал-Абад облусунда жумушчу сапары менен жүрөт.

Сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков Базар-Коргон жана Ноокен райондорун кыдырып, айыл чарба, билим берүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.

Базар-Коргон районунда Өкмөт башчыга «Таза суу» программасынын алкагында калкты таза суу менен камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берилет. Премьер-министр ошондой эле Кайырма айылындагы бала-бакчанын курулушу жана Базар-Коргон айылындагы жуучу каражаттарды, бут кийим жана картон кагазын чыгаруучу “Сымай-Гыда” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Ноокен районунда Сооронбай Жээнбеков “Майлуу-Суу” суу сактагычын жана курулушу 2008-жылы башталган Масы айылындагы спорткомплекстин имаратын көрөт.

Премьер-министр мындан тышкары Масы айылындагы “Рустамбек” фермердик чарбасынын, Бүргөндү айылындагы “Щедрая Долина” айыл чарба кооперативинин иши жана Ынтымак айылындагы кезектеги мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышмакчы.