Президент Алмазбек Атамбаев телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Ал дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда маалымат таратуунун жаңы түрлөрү пайда болуп, атаандаштык болуп көрбөгөндөй күчөгөнүнө карабастан, теле жана радио коомдук пикирге эң таасирдүү курал бойдон калууда деген оюн айтты.

«Ааламдашуу процессинин аркасынан жаңылыктардын, маданияттардын түрлөрү, жаңы тажрыйбалар кирип, адамдардын жана бүтүндөй коомдордун жашоосун өзгөртүп жатат. Ошону менен катар ааламдашуу толкунунда ар бир элдин өз алдынчалыгын, кайталангыс маданиятын жана тилин сактап калуу маселеси күн тартибине чыкты. Бул улуу милдет биринчи кезекте сиздерге, телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерине жүктөлгөн.Азыр угармандар менен көрөрмандардын талабы өстү – жалган, жасалма, сырткы эффектке гана басым жасаган берүүлөрдүн күнү бүтүп баратат. Анын үстүнө адамдар жүрөктүн үшүн алган оор маалыматтардан жана чылкый саясаттан жадап, мээримге, боорукерликке жана адамгерчиликке чакырган берүүлөргө муктаж. Демек, теле менен радио аркылуу адамдарыбызды агарткан жана мыкты тажрыйбаларды үйрөткөн, билимин тереӊдетип жана руханий дүйнөсүн байыткан программаларды жаратуу үчүн тынымсыз изденүү зарыл. Кесиптик майрамыңыздар кут болсун, кымбаттуу телерадио кызматкерлери! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат куттуктоодо.