Чаткал районунда кечээ саат 19:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон келген жаан суулары арыктарга муз тонуп калгандыктан батпай ашып, 20-25 турак үйлөрдүн короолорун жана кошумча курулмаларын суу каптаган.          

Акимдин биринчи орун басары, ӨКМдин райондук бөлүм башчысы жетекчилигинде жана жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан жеринде тактоо иш-чаралары жүргүзүлдү.

Менчик “АУРУН” фирмасынан 1 жүктөгүч тартылып, кокту-колоттон келген агын суулар өз нугуна салынды. Ал эми турак үйлөрдүн короолоруна кирген суулар өз алдынча жерге синип кетти.