Экономика министрлигинин түзүмү оптимизацияланат.

Өкмөттүн тийиштүү токтомуна премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Аталган чечим экономика министрлигинин ишин оптимизациялоо максатында кабыл алынган.

Документке ылайык, экономика министрлигине караштуу метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция жоюлат. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдөө функциясы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга өткөрүлүп берилет. Аталган кадам мамлекеттик көзөмөлдөө органдарын кыскартуу зарылдыгы менен шартталган.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга ошондой эле экономика министрлигине караштуу жоюлуп жаткан метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын 15 штаттык бирдиги өткөрүлүп берилет.

Мындан тышкары, 8 штаттык бирдик лицензиялоо боюнча түзүмдүк подразделение уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине өткөрүлөт.

Буга катар экономика министрлигине аймактык түзүмдөрдү бириктирип, облустарда жана райондордо экономика министрлигинин бирдиктүү аймактык түзүмүн уюштуруу тапшырылды.