Ош облусунун Араван районунда жайгашкан С. Шарипов атындагы №19 мектебинин аймагында жайгашкан 2 түп тал дарагын мектеп директору Мурабдулаев Махамаджан тарабынан мыйзамсыз кыйылгандыгы аныкталды.

Бул тууралуу экотехинспекция билдирди.

Инспекциянын адистери тарабынан жеринде протоколдор толтурулуп, мектептин директору Мурабдулаев Махамаджанга 20 854 сом эсебиндеги доо коюлду.

Учурда коюлган доону өндүрүү максатында материалдар Араван райондук прокуратурага өткөрүлүп берилди.