АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Рекс Тиллерсонду Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы кызматына дайындай тургандыгын жарыялайт.

Бул тууралуу америкалык ММКларга Дональд Трамптын өкүлдөрү билдиришкен.

Дүйнөдөгү ири мунай компаниясы эсептелген Exxon Mobilдин башкаруучу директору Тиллерсон мамлекеттик кызматта жана дипломатиялык ишмердүүлүктө тажрыйбага ээ эмес. Дональд Трамп андан кандай гана адам менен болбосун сүйлөшүүдө жыйынтыктарга жетише ала турган жана бүткүл дүйнө боюнча кеңири байланыштарга ээ адамды көргөн.

Америкалык мыйзам чыгаруучулардын арасында Рекс Тиллерсонду сындагандар аз эмес. Алар анын Орусия жетекчилиги менен өтө тыгыз байланышы бар деп эсептешип, аны мамкатчы кызматына дайындоо орундуу эмес дешүүдө. Республикачы сенатор Жон Маккейн Тиллерсондун Владимир Путин менен байланышы бардыгы «чочулатып» жатканын билдирди. Ушундай эле тынчсыздануусун президентикке мурдагы талапкер, республикачы сенатор Марко Рубио да билдирген.

Рекс Тиллерсондон сырткары мамлекеттик катчы кызматына Нью-Йорктун мурдагы мэри Рудольф Жулиан, президенттикке мурдагы талапкер Митт Ромни, Борбордук чалгындоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Дэвид Петреус жана сенатор Боб Коркер талапкер болуп жатышкан.

Тиллерсондун АКШ мамлекеттик катчысы кызматына дайындалгандыгы тууралуу расмий маалымат жакынкы күндөрү жарыяланары күтүлүүдө.