ЖКнын укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча, мамлекеттик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери мас абалында жол эрежелерин жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин көпчүлүк учурда бузгандыгы тууралуу фактыны эске алуу менен аталган кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилип жатат.

Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар жазанын жаңы түрүн – транспорт каражаттарын башкаруу укугунан өмүр бою ажыратуу жазасын киргизүү сунушталып жатат. Жабырлануучунун ден соолугуна оор жаракат алып келгендиги же анын курман болгондугу же болбосо бир нече адамдын курман болгондугу үчүн жоопко тартылат. Алкогол, баңги зат же башкача мас абалында унаа айдап жол эрежесин бузгандарга жазаны катуулатуу сунуш кылынат.

Мындай ченемдерди киргизүү баарынан мурда мас абалында транспорт каражаттарын башкарган адамдардын санын кыскартуу боюнча эскертүүчү чара катары кызмат кылуу менен мас абалында транспорт каражаттарын башкарууга жол бербөө боюнча жарандардын аң-сезимин жогорулатууга көмөктөшөт.

Мындан тышкары Администарциялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өздөрүнүн иш-милдеттерин аткарбагандыгы же толук өлчөмдө аткарбагандыгы үчүн ички иштер органдарынын кайгуул милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигин караган жаңы берене киргизилип жатат.

Ошондой эле долбоордо одоно мыйзам бузуу менен жол кырсыктарын жараткандарга камап коюу убактылуу мөөнөткө чейин, ал эми адам өмүрүн алган жол кырсыктарын жараткандарга айдоочулук күбөлүгүн алып салуу менен унаасын конфискациялап коюу каралалууда.

Бир катар талкуудан соң мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.