14-декабрда саат 04:46да Кыргызстан аймагында очогу 5 баллдын тегерегинде жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Алайдын тоо кыркаларында каталган.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык суу айылында 4 балл, Кашка-Суу, Кабык, Кызыл айылдарында 3-4 балл, Доорот-Коргон, Талды-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.