Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди.
Анын айтуусунда, токтом долбоорунда чет элдик жарандардын Кыргызстанда 30 күн каттоосуз жүрүүсүнө уруксат берүү сунушталган:
«Азыр бул документ коомдук талкууда. Бир жума ичинде кабыл алынат деген ойдобуз. Анда 91 өлкөнүн тизмеси жазылган. Долбоор туризмди өнүктүрүүгө оң таасир этет», — дейт.
Кыргызстанда 4-ноябрдан тарта беш күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек, деген мыйзам күчүнө кирген. Туризм, бизнес тармагындагы адистер бул жободон улам сырттан келгендердин укугу бузуларын, туристтерди тартууга терс таасир этерин айтып келишкен. 11-ноябрда мамлекеттик каттоо кызматы 90дон ашык мамлекет атуулдарына өлкөдө 30 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат берген токтом долбоорун өкмөткө сунуштап, ал коомдук талкууга коюлган.