Ички дүң продукт быйыл январь-ноябрында алдын-ала баалоо боюнча 402 млрд сомдон көбүн түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин денгээлинен 3,2 %га жогору, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда тиешелүүлүгүнө жараша 363,7 млрд сомду түзүп, 3,3 % болду.
ИДПнын өсүшү негизинен айыл чарба, өнөр жай, курулуш тармактары жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү тарабынан камсыз кылынды. Муну менен бирге товардык өндүрүш тармактары 103,7 пайызды, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактар — 102,8 %ды түздү.
Өткөн жылдын январь-ноябрына карата ИДПнын дефлятору (экономиканын бардык тармактарынын бааларынын жалпыланган индекси) 102,6 пайызды түздү.