Сооронбай Жусуев кыргыз адабиятынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон, ал туулган жерге болгон сүйүүсү аркылуу мекенге ак кызмат өтөөнүн үлгүсүн калтырган», – деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн акын Сооронбай Жусуевге орнотулган эстеликтин ачылышында.

Залкар калемгер Сооронбай Жусуев элине 70тен ашык китептен турган чыгармачылык мурасын калтырып кетти. Анын 300гө жакын ырларына обон чыгарылып, эл оозуна алынган.

«Элдин баасына арзуу абдан кыйын. Ал эми Сооронбай агабыз көзүнүн тирүүсүндө эле кыргыз элинин кадырман аксакалы катары таанымал болгон. Кадырлуу Сооронбай агабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, ыйманы жолдош болсун!  Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат», – деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.