Жай тургундар менен жарадарларды көчүрүү үчүн бейшембиге караган түнү Сириянын Алеппо шаарында ок атууну токтотуу режими күчүнө кирди.

Бул тууралуу көтөрүлүшчүлөрдүн расмий өкүлү билдирди. Күбөлөр эртеден бери шаарда атышуулар менен бомбалоолор боло электигин кабарлашууда.

Анткен менен сириялык укук коргоочулар менен айрым башка булактар согуштук аракеттердин уланып жатканын билдиришүүдө.

Эл аралык жана сириялык Кызыл Чырымдын кызматкерлери азырынча жай тургундар менен жарадарларды эвакуациялоо баштала электигин белгилешип, каршылашып жаткан тараптардан жардам сурашууда.

Шаршемби кечинде Башар Асад режиминин өкүлдөрү козголоңчу отряддар Чыгыш Алепподон чыгарыла баштаганын билдиришкен.

13-декарда Орусия менен Түркиянын ортомчулугу менен жетишилген «гуманитардык» жарашууга карабастан, 14-декабрда өкмөттүк армия кайрадан Алеппонун чыгышындагы көтөрүлүшчүлөрдүн позицияларына чабуулдарын баштаган.