Бажы биримдигине кошулганда негизги 4 багыт өз жыйынтыгын бериш керек эле.
Алар — жумушчу күчтөрдүн эркин жүрүшү, товарлардын кеңири алмашуусу, кызмат көрсөтүү менен капиталдын эркин айлануусу.
“Бирок, азыркы күндө товарлардын эркин айлануусунда аталган биримдиктеги башка мамлекеттер утушка жетишсе жетишип жаткандыр, бирок биз азырынча ийгилик жарата албадык. Товарларыбызды сыртка чыгууда тоскоолдуктарга кабылып турганда башка бир рынокту издөө зарылчылыктары жаралды. Мындай шартта Европалык биримдикке мүчө болгон 27 мамлекеттин жалпы артыкчылыктарды берүү системасы биз үчүн ыңгайлуу болуп турат”,- деп билдирди депутат Каныбек Иманалиев.
Кыргызстан жеңил өнөр жай продукцияларын, экологиялык жактан таза айыл чарба өнүмдөрүн Европа биримдигиндеги мамлекеттерге экспортко чыгарууда жергиликтүү дыйкан-фермерлердин эмгегине көбүрөөк таянат. Ошондуктан, аларга маалыматты жеткиликтүү түшүндүрүү милдет. Бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да ишти жандандырууга салымдаш болуш керек,- дейт ошол эле радиоуктурууга катышкан “BizExpert” аналитикалык борборунун аткаруучу директору Улук Кыдырбаев.