Москвадагы типографиянын имаратындагы өрттөн жарандарын сактоодо көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн өкмөттүн Ардак грамотасы менен бир катар жарандар сыйланат.

Белгилесек, мурдараак президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө 27-августта Москва шаарындагы өрт учурунда адамдарды сактап калууга катышкан жарандарды сыйлоо тууралуу маселени иштеп чыгууну тапшырган.

Аталган тапшырманы аткаруу иретинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Ички иштер министрлиги тарабынан өрт учурунда адам өмүрүн сактоодо көмөк көрсөткөндөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган сүрөттөрү боюнча он жарандын өздүк маалыматтары такталган.

Сунушталган маалыматтардын негизинде премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен өкмөттүн Ардак грамотасы менен төмөнкү жарандар сыйланышат:

  • Абдыгапар уулу Азизбек;
  • Алимбек уулу Маматсабыр;
  • Ахматов Азамат Тавалдиевич;
  • Борисов Александр Сергеевич;
  • Заиров Махамат Акимович;
  • Лугвин Юрий Артурович;
  • Марип уулу Таалайбек;
  • Урматбек уулу Жоомарт;
  • Хван Александр Вячеславович;
  • Шакиров Аширбек Эсеналиевич.

Премьер-министрдин буйругуна ылайык, тышкы иштер министрлигине өкмөттүн Ардак грамотасын сыйлануучуларга тапшырууну  уюштуруу тапшырмасы берилди.