Ирандын президенти Хасан Роухани 22-декабрда Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу Tasnimnews маалымат агенттиги кабарлайт.

Алгач ал Армения жана Казакстанга барат

Ирандын Кыргызстандагы элчилиги маалыматты тастыктады. Расмий сапар алкагында Роухани президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушат. Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуулардын өнүгүшүн талкуулап, аймактык жана эл аралык деңгээлдеги маселелер боюнча пикир алышат.

Роухани буга чейин Кыргызстанга 2013-жылы сентябрда ШКУ саммитине катышуу үчүн келип кеткен.