ЖКнын социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 19-декабрдагы жыйынында “мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын аткарылышы боюнча ЖК токтомунун жүзөгө ашырылышы каралды.
Мамлекеттик тилди зарыл өлчөмдө билүүгө милдеттүү болгон мамлекеттик кызматчылардын тизмесин иштеп чыгуу жана бекитүү маселеси Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан түзүлгөн. Болгону, мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат орундарынын реестрине байланыштуу болгондуктан, ал бекитилгенден кийин гана ишке ашат.
Монополияга каршы мамлекеттик агенттик тарабынан ушул 2016-жылдын 2-кварталында тил мыйзамын сактабагандыктары үчүн 4 ишкердик субъектиге ошондой эле бир дүкөн, бир ресторан жана бир кафеге эскертүү берилген.
Вице-премьер-министри Султанбекова баяндама жасап, мамлекеттик кызматчылар арасында “Кыргызтест” аркылуу мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгын айтты. Андан тышкары ушул жылдын август айында 5 телерадиоканал текшерилгендиги да маалыматта камтылган.
«Глобалдашуу доорунда кыргыз тилинин келечеги үчүн кылдат кам көрүшүбүз керек. Компьютердик технология өнүгүп жатканда кыргыз тилинин аталган чөйрөдөн өз ордун табышы кажет. Мамлекеттик тил маселесин көтөргөндөр улутчулдар эмес. Кыргыз тили – бул өлкөнүн жүзү. Ал эми анын борбору болгон Бишкек шаарында толук кыргыз тилинде окуткан мектептердин эки колдун манжасына жетпеген эсеби уят нерсе!”,- деп маселенин актуалдуулугун депутат Садык Шер-Нияз белгиледи.
ЖОЖдордо кыргыз тили 240 саат окутулса, ал эми орто окуу жайларындагы кыргыз тилинин сааттары 108 саат деп белгиленген. Бакчалардагы кыргыз тилин окутуу 200 саат деп аныкталган. Бул тууралуу маалыматтар депутат Исмаилованын суроолоруна кайтарылган жооптордон улам белгилүү болду. Депутат кыргыз тилин окутуу мектептерде жумасына 5 сааттан өтүлгөндө гана өз натыйжасын берет деген оюн ортого салды. Ошондой эле эл өкүлүнүн айтымында, Бишкек шаарындагы №58-мектепте кыргыз тил сабагы тайпаларга бөлүнүп өтүлбөйт. Бул бир мезгилде 40тан ашык баланын тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн начарлатат,- дейт депутат.
Ал эми окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде өткөрүлгөн мектептерде кыргыз тилинен оозеки жана жат жазуу түрүндө сынак тапшыруу талаптары иштелип чыккан. Бул шарттар депутат Т.Икрамовдун суроосуна жооп берүү учурунда такталды.
Ошондой эле көп тилдүү билим берүү программасы дагы иштелип чыгып, 5 балдар бакчасы жана 39 мектеп тандалып алынган.
2015-2016-окуу жылына ар кандай багыттагы кыргыз тилиндеги илимий китептерди басып чыгарууга 20 млн.500 миң сомдук каражат каралган.
Көзү начар көргөн жана азиз балдар үчүн атайын сүйлөмө алиппени чыгаруу максатында 2014-2020-жылдар аралыгында телефондо жана компьютерде кыргыз тилинде тексттерди окуу үчүн үн коштоочу атайын программа иштелип чыгат. Аудиокитептерди даярдоого деп дагы каражат каралган. Анын жалпы суммасы 1 млн. 500 миң сомду түзөт.
Интернет ресурстарын өркүндөтүү боюнча колдонуучулар тарабынан 452 миң фраза которулган. Кыргыз Уикипедиясы жаңы 13 500 макала менен толукталып, макалалардын жалпы саны 38 500гө жеткен.
“Кыргызэнциклопедиясы” башкы редакциясын өкмөттүн алдындагы мекеме кылып кайра түзүү менен андагы штаттык бирдикти көбөйтүүгө 2017-жылдын аягына чейин жол берилбейт.
Талкуу жыйынтыгында “Мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын аткарылышы боюнча өкмөттүн маалыматы эске алынды.