Президент Алмазбек Атамбаев улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
«Бул күнү биз улуттук коопсуздук органдарынын кызматчыларынын каармандыгына, бекемдигине, жогорку кесипкөйлүгүнө жана мекенге берилгендик менен кызмат кылуусуна урмат көрсөтөбүз», — дейт ал.
Бул жооптуу жана маанилүү миссияны аткаруу үчүн чыныгы патриотизм, чечкиндүүлүк, кесипкөйлүк, каармандык жана өз мекенине берилгендик зарыл экенин айтты.
«Сиздердин кызмат дайыма оор жана коркунучтуу болгон. Кыйынчылыктарга карабастан, өзүңөргө жүктөлгөн милдеттерди ийгиликтүү аткарып жатасыңар – ушул жылда өлкөбүздүн эгемендигин жана конституциялык түзүлүшүн коргоого багытталган, ошондой эле биздин өлкөнүн эле эмес, башка мамлекеттердин да тынчтыкта жашап жаткан жарандарына карата террордук актыларды жасоого ниеттенип жаткан жашыруун террористтик жана экстремисттик топтордун ишине бөгөт коюу боюнча бир катар ийгиликтүү иш чаралар өткөрүлдү. Бул ишиңер биздин элдин жактыруусун жана колдоосун тапты», — деп жазылат куттуктоодо.