Улуттук банк былтыр интервенция жүргүзүү натыйжасында 900 миллион сом өлчөмүндө киреше таап, мамлекеттик бюджетке которгон.
Бүгүн парламентте Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде Өкмөттүн 2015-жылдагы иши тууралуу отчёту угулду.
Транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров жолдун курулушуна аэробекет жыйымдарынан түшкөн каражаттан тышкары, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан “Манас” аэропорту үчүн каралган 754 миллионн сом дагы жумшалып, “Манас” аэропортунун жабуулары жапон грантынын эсебинен жаӊыртыла турганын билдирди.
Ал эми каржы министринин орун басары Алмаз Азимовдын айтымында, өкмөт жакын арада 2016-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүү киргизип, “Альфа Телеком” ишканасын сатуудан түшкөн каражатты жол курулушуна жумоону пландаштырууда. “Альфа Телеком” ишканасы ушул жылдын май айында сатыкка чыгарылышы мүмкүн.